• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз баскетболчулары Монголияда мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 13.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын эркектер жана аялдар курамасы баскетбол боюнча Азиянын FIBA кубогуна катышат. Мелдеш 27нен 29-октябрь күндөрү Монголияда өтөт. Бул тууралуу КР баскетбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш Улан-Батор шаарында болот. FIBA 3x3 Cup Asia 2017 кубогу үчүн 12 аялдар жана 12 эркектер командалары ат салышат.

Кыргызстандын аялдар курама командасы D тайпасына болуп, Жаңы Зеландия жана Индиянын курамалары менен беттешет.

Эркектер курамасы Кытай спортчулары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий