• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө өтө турган бодибилдинг боюнча Азия чемпионаты белгисиз убакытка жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтө турган бодибилдинг боюнча Азия чемпионаты белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат эмне себептен жылдырылгандыгы тууралуу маалымат айтылган жок.

Эскерте кетсек, "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендик бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында бодибилдинг, фитнес жана фитнес-челленж боюнча Азия чемпионаты өтөрүн билдирген.

Абдырахманов мелдеш 12-15-майда өтүп, ага 20 өлкөдөн 700-800 спортчу катышарын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий