• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Баткенде Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара Баш мыйзамды кабыл алууга катышкан легендарлуу парламенттин депутаттарынын, тарыхчылардын, жергиликтүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев салтанаттын катышуучуларын, жалпы кыргызстандыктарды Конституциянын кабыл алынган күнү менен куттуктады.

“Конституциянын кабыл алынышы, ар бир кыргызстандыктын коопсуздугу жана бакубат жашоосу камсыздалган бекем фундамент болду. Баш мыйзам бул кийинки муунга өткөрүп бере турган ыйык мурасыбыз. Коомчулукта конституцияга, мыйзамдуулукка ишеним арта берсин, Баш мыйзамыбыз кылымдарга өлкөгө кызмат кылсын”, - деп белгиледи облус башчысы өз сөзүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баш мыйзамдын тарыхы, маани маңызы тууралуу докладдар окулду.

Пикир

Оставить комментарий