• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.09.23./Кабар/. Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр белгиленди:

- Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- продукцияны экспорттоону илгерилетүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;

- экспортту илгерилетүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү;

-экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемесинин түзүлүшүнө байланыштуу уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерди чечүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий