• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз футболуна 100 жыл. “Өнөр” командасы мелдештин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдешинин жарым финалында “Өнөр” командасы “Бизнес коомчулугун” 2:1 эсебинде жеңди.

Өнөр адамдарынан турган команда финалда “Алга” менен “Президенттин администрациясы” командаларынын жеңүүчүсү менен ойнойт.

Мелдеш Бишкектеги “Газпром” комплексинде өтүүдө.

Чүчүкулактын жыйынтыгында алты команда эки тайпага бөлүндү:

А тайпасына “Алга”, “Бизнес” жана “ЖМК” командалары кирди;
В тайпасына “Президенттин администрациясы”, “Федерация” жана “Өнөр” командалары кирди.

В тайпасында “Президенттин администрациясы” командасы “Федерацияны” 3:2 эсебинде утса, “Өнөр” командасы менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Ал эми тайпанын акыркы оюнунда “Федерация” командасы менен “Өнөр” 1:1 эсебинде тең чыккан.

А тайпасында “Бизнес” командасы “Алганы” 2:0 себинде утса, “Алга” “Журналисттерди” 3:1 эсебинде артта калтырды. “Бизнес” менен “Журналисттер” командаларынын ортосундагы оюну 4:0 эсебинде бизнесмендердин жеңиши менен аяктаган.

Мелдештин жарым финалына “Бизнес коомчулугу”, Өнөр”, “Алга” жана “Президенттин администрациясы” командалары көтөрүлгөн.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө.

Беттештерге президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий