• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде унаалардын топтолуусу катталды

Коом 0

Бишкек, 22.12.23 /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” бекетинде транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу катталды. Бул тууралуу КР Чек ара кызматы кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн, 22-декабрь саат 17:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 468 жүк ташуучу унаа кезекте турат.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу Казакстандын Жамбыл облусунда аба ырайы убактылуу жакшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөндүгү менен байланыштуу”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий