• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз милициясы коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн жан үрөп иштөөдө — Садырбек Дубанаев

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кыргыз милициясы коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн жан үрөп иштөөдө. Мындай пикирин ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев билдирди.

Ал жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартипти камсыздоо милиция кызматкерлеринин артыкчылыктуу милдети болуп саналарын эске салып, ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди дайыма так аткара тургандыгын баса белгиледи.

Бирок Садырбек Дубанаев “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” демекчи аны айрым акыркы болуп жаткан жагдайлар капаланткандыгын кыйытты. Кеп Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарованын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине карата айткан дооматтары боюнча болууда.

Отставкадагы генерал-майор укук коргоо орган кызматкерлери катарынан да Жогорку Кеңешке депутат болуп, элдин, анын ичинде милиция кызматкерлеринин көйгөйлөрүн айтып, үнүн жеткирген милиционерлер аз эмес экендигин баса белгиледи.

"Бул мен үчүн жана тартип сакчылары үчүн сыймык. Анткени милиция кызматкерлери элдин жанында көп болуп, алардын көйгөйлөрүн жакындан билишет. Мен деле легендарлуу парламентте отурдум. Ошол жылдары милиция кызматкерлеринин укугун коргогон жана ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдыда чыгарып бердик. Ошондой эле, биздин арабыздан чыккан кызыбыз Айгүл Айдарова тергөөчүлүк кызматтан кийин, Жогорку Кеңешке депутат болгонун сыймыктануу менен кабыл алганбыз.

Биздин ишибиздеги орчундуу маселелерди көтөрүп, талабыбызды коргоп берет деген үмүттө элек. Бирок, ал кызыбыз майда-чүйдө маселелер менен алек болуп, “Арзан” кадыр-барк топтойм дегениби түшүнбөдүм, жогорку трибунадан ушак-айыңды, такталбаган маалыматтарды айтып, бир нече жолу одураңдаганы туура эмес болуп калды.

Ички иштер органдарында иштегени бир татым тузга татыбай калганы мени өкүндүрдү. Өзүндөгү маалыматтар боюнча биринчи ИИМ жетекчилигине кайрылып, маалыматтарды тастыктоо иретинде жолукса болмок. Эч ким каршы болбойт эледа. Колундагы тастыкталбаган маалыматтар менен келип, текшерип кеткени өзүнө эле упай топтомок.

Мансабына, абалына чиренип, менменсинип башкаларды теңсинбей, трибунадан одураңдаганы анын маданиятсыздыгынан кабар берет. Ушунча эле болду мурдагы кесиптештерине чынында күйгөн болсо, милиция кызматкерлеринин ишине тосколдуктарды жаратып жаткан мыйзамдардагы мүчүлүштүктөр, ардагерлердин пенсиясын көтөрүү, социалык жактан камсыздалуу боюнча неге маселе көтөрбөйт. Эмнеге эл өкүлү болуп туруп, ардагерлерибиз жыйындарды өткөргөндө келип, өкмөт башчыга маселелерди мен жеткирейин деп демилгени колго алган эмес. Эмнеге ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө милиция кызматкерлери менен жолугуу үчүн бир да жолу келген эмес. Узата турган суроо көп. Мына ушундай маселелерди айтса, биз ошол кызыбызды төбөбүзгө көтөрүп албайт белек. Мына ошолорду көрбөй туруп, көчөдөгү тастыкталбаган сөздөрдү айтканы өкүндүрбөй койбойт.

Президентибиз коомдук тартипти сактоода жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө катуу талап коюу менен бирге бизге эч тартынбастан, эч кимден, эч нерседен жалтанбастан иштөөбүзгө шарт түзүп берди. Биз азыр бир гана мыйзам алдында баш ийебиз, биз эле эмес бардык тармактарда, бардык мекеме, ишканаларда мыйзам жетекчи, мыйзам багыттоочу күч болушу керек. Биздин таянганыбыз да, сыйынганыбыз да Кыргыз Республикасынын мыйзамдары. Ал мыйзамдарга ыйыктын ыйыгындай мамиле кылган өлкөбүздө өнүгүү болот, тартип болот.

Учурда милиция кызматкерлери элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо дайыма алдынкы катарда туруп, ыкчам иштеп жатышат. Кыйын кырдаалга туш болгон ар бир атуулдун кайрылуусуна сергек мамиле жасап, аларга жардам беришет. Элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып, эл менен бирге болуу биздин ыйык парзыбыз. Буга чынчыл, каарман, чыныгы кесипкөй кызматкерлер гана жөндөмдүү деп эсептеймин.

Азыр кыргыз милициясында билимдүү, мыкты адистик даярдыктан өткөн кесипкөй, маданияттуу, жогорку адамкерчиликтүү кызматкерлер иштейт деп сыймыктануу менен айта алам. Кыргыз милициясынын басып өткөн бир кылымдык жолу күрөштөргө, кармаштарга толгон, оор болсо да, татаал болсо да жеңиштүү, абдан жемиштүү, сыймыктуу жол болгон. Бүгүнкү ички иштер оргнадарынын кызмсаткерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү алдыңкы бирдиктүү команда, ал кандай гана кырдаал болбосун, бардык тапшырмаларды абийирдүүлүк менен аткара алышат. Алар ар бир жарандын коопсуздугун, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат.

Учурда министрдин жетекчилиги менен күнү-түнү коомдук тартиптин сакталышы боюнча үзгүлтүксуз ишин улантып келе жатышат, демек милиция саясаттан алыс, интригадан оолак болуп өз ишин мыкты аткарып жатат", - деди ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев.

Пикир

Оставить комментарий