• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда курулуштун сапатына талаптар Түркияга караганда жогору – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда курулуштун сапатына талаптар Түркияга караганда жогору. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Иманакун уулу Талантбек билдирди.

Анын айтымында, Түркия менен Кыргызстандын жеринин катмарын салыштырбаш керек.

"Анткени СССР убагынан бери эле Кыргызстан сейсмологиялык аймак катары эсептелгендиктен биздин курулуш нормаларыбыз жана курулушка талаптар тиешелүү деңгээлде кабыл алынган. Түркиядан инвесторлор келгенде алардын курулуш долбоорлору биздин мамлекеттик экспертизага туура келбейт. Түрк инвесторлору бизде талаптар жогору экенин айтышкан. Мына биздин Түркияга барган куткаруучулар 8-10 өлчөмүндөгү арматура менен курулган имараттар бар экенин айтышты. Ал эми бизде көп кабаттуу үйлөр кеминде 16-18 өлчөмдөгү арматура менен курулат. Бизде үйлөрдүн монолиттүү полдору чогуу курулган жана арматура менен бириктирилген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий