• 88.68
  • 95
  • 0.95

Исламабадда кыргыз-пакистан соода-инвестициялык форумдун ачылыш аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 19-апрелде Исламабад шаарындагы Марриотт мейманканасында Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен USAIDдин Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин, Пакистандын өкмөтүнүн, Исламабад жана Равалпинди шаарларынын Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен кыргыз жана пакистандык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-пакистандык соода-инвестициялык форумдун ачылыш аземи өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, бул иш-чаранын негизги максаты Кыргызстан менен Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын зор соода-экономикалык дарамети бар экендигин белгиледи. Ал КР президенти Садыр Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатка өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрүн ошондой эле USAIDдин Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин башчысы – Бано Бурки, Пакистандын Соода министринин орун басары – Саид Хамид Али, Исламабад шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Мухаммад Шакил Мунир, жана Равалпинди шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Чаудри Надим айтышты.

Форумдун жүрүшүндө кыргызстандык ишкерлер фармацевтика, текстиль, логистика, IT жана энергетика, өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, курулуш тармагындагы өздөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентацияларды жасашты.

Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн бизнес жолугушуулары жана B2B сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Кыргыз-пакистан соода-инвестициялык форуму 23-апрелге чейин уланып, Исламабад жана Лахор шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий