• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун пленумунун отурумунда сотторду ротациялоо маселеси айтылды

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында КР Жогорку сотунун пленумунун отуруму өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары, ошондой эле Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин жетекчилиги катышты.

Өлкөнүн жогорку сот органынын судьялары күн тартибинде эки негизги маселени карашты:

- КР Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2021-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтарын угуу жана соттук коллегияларынын иши жөнүндөгү Жогорку соттун пленумунун токтомдорун кабыл алуу;

- "КР Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин курамын шайлоо жөнүндө" Жогорку сотунун пленумунун токтомун кабыл алуу.

Замирбек Базарбеков белгилегендей, сот адилеттигин жүргүзүү ишине баа берүү сандар менен гана чектелбейт, сот тутумунун ишмердүүлүгү негизинен элдин ишеними жана коомдун пикири менен бааланат.

“Судьялардын көз карандысыздыгын арттыруу үчүн мындан аркы аракеттер, күчтүү, мыйзамдын гана талаасында иш алып барган, эч кайсы органдан жана эч кимден коркпогон сот тутумун түзүү эми өзүбүздүн гана колубузда. Бул маселеде ар бир судьянын жоопкерчилиги жана орду чоң.

Андыктан ар бириңиздерди мыйзамдын гана үстөмдүгү астында иштерди кароого дагы бир жолу чакырып кетем.

Алдыда сотторду ротациялоо маселеси күтүп турат. Ротация - бул мезгилдин талабы, коррупциянын, туугандашуунун, жеңил-желпи, тийип-качма иш жүргүзүүнүн алдын алууга болгон аракет. Мындан ары бул багытта чечкиндүү иш чаралар жүргүзүлөт",- деп билдирди төрага.

Ошондой эле ал иштерди кароо мөөнөттөрүнө, соттук териштирүүнү негизсиз создуктуруу маселелерине, иштерди кайрадан кароого жиберүүнүн негиздүүлүгүнө, айрыкча жергиликтүү соттор тарабынан каралган иштер боюнча кабыл алынган соттук актылардын сапатына мындан ары Жогорку сот тарабынан катуу көңүл буруларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий