• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө милициянын атайын операцияларды өткөрүү отрядынын 30 жылдыгы белгиленди

Аймак 0


Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. 26-февраль күнү КР ИИМнин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун атайын операцияларды өткөрүү отрядынын уюшулганына 30 жыл толот.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган юбилейлик датага карата Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын алдында атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлеринин ишмердүүлүгүнө арналган кыска видеотасма тартууланды. Андан кийин сөз алган КР ИИМдин «Шумкар» АБПнын Ысык-Көл облусу боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын командири Азат Табалдиев, аталган кызматынын тарыхына жана жетишкен ийгиликтерине токтолуп кетти. Анын айтымында, өткөн 2021-жылы отрядтын жоокерлери 37 жолу ыкчам операцияларына, 20 жолу коштоо иштерине катышкан, өз күчтөрү менен 8 кылмыштын бетин ачууга жана 4 баңгизаттары менен байланышкан кылмыштарды аныктоого жетише алышкан.

Отряддын 6 жоокери «кочкул береттердин» ээси болууга жетишсе, 4 жоокер Кыргызстандын спорт чебери наамына татыктуу болушкан, ошондой 2 жоокери Кыргызстандын намысын эл аралык спорт мелдештеринде коргошуп, байгелүү орундарга ээлешкен.

Отряддын жоокерлерин кесиптик майрамы менен Ысык-Көл ОИИБнин башчысы К.Жумагазиев куттуктап: “Адамдардын тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн, кээде жакындарыбыздын кызыкчылыгын артта калтырып, жардамга муктаж болгондорго жардам келүү милдетибиз бар. Ар дайым коркунуч жана кыйынчылык болгон жерде болууга туура келет. Сөздүн ачыгы, уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштүн алдыңкы сабында турабыз. Сиздер үчүн, бул жөн гана кызмат эмес, бул сиздердин эл алдындагы ыйык милдеттиңер болуп саналат», - деди ал.

Майрам ээлерин иш-арада Ысык-Көл ОИИБдин ардагерлери жана өздүк курамы да куттуктап кетишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ички иштер министринин жана Ысык-Көл ОИИБнин башчысынын буйруктары окулуп, өзгөчө алынган жоокерлер грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чара КР ИИМнин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ысык-Көл облусу боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядын 2013-жылдан 2022-жылга чейин жетектеп келген командири Нурбек Султанбаевди ардактуу эс алууга узатуу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий