• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы тосулган жолдор ачылды

Аймак 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жабылган Баткен – Исфана унаа жолу ачылды. Ошондой эле Ак-Сай айылынан буулуп турган Тажикстандын Исфара шаарын Ворух анклавы менен байланыштырган жолу дагы ачылды.

Жол ачылган соң бул багыттар боюнча каттамдар жүрө баштады.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлган болчу. Документке вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшкан.

Протоколдо чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет, деп айтылган. Мындан тышкары, Баткен облусундагы Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантылат.

Эске салсак, 13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, бир бирин таш менен урушкан.

Кыргыз тарап бул жаңжалдын айынан бир нече адам жабыр, үч кыргыз жаранга ок тийгенин билдирген. Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жарадар болгонун кабарлаган.

Жаңжалдан кийин Тажикстандын жарандары Баткен–Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Исфара району менен Ворух анклавын байланыштырган жолду жаап коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий