• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз жана тажик жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңеште “2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Маалыматка ылайык, сунушталган макулдашуу менен кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагында жана тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз жүрүү мүмкүндүгү каралган.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Пикир

Оставить комментарий