• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызпатенттин кызматкерлери Боз-Бөлтөк тоосуна 600дөй көчөт отургузушту

Коом 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Кыргызпатенттин кызматкерлери ишембилик өткөрүшүп, Боз-Бөлтөк тоосуна 600дөй көчөт отургузушту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишембилик КР перезиденти Садыр Жапаров тарабынан ишке киргизилген "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлдү.

"Бул демилге өлкөбүздү жашылдандырууга көмөктөшүп, климаттын өзгөрүшүн алдын алуу менен жарандардын көңүлүн жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө бурат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий