• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан биринчи жолу салыктык чогултуулар боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүн ашып өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 7,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба продукциясынын үлүшү 8,3 пайызга өсүп, биринчи жолу 8 пайыздан ашты.

“Ошондой эле акыркы 10 жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу салык чогултуу боюнча алдыга чыктык. Киреше жана экономикалык өсүш боюнча да алдыңкы орунга чыга алдык”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий