• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан боюнча 30га жакын кесиптик лицей жумушсуз жарандарды окутууда

Билим 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 30га жакын кесиптик лицейлер жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү курстарда эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптерге окутууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курстун катышуучулары өндүрүштүк шартта тажрыйба алуусу үчүн тийиштүү ишканаларда практикадан өтүшөт. Алар курстарды ийгиликтүү аяктаган соң бул ишканаларга жумушка орношууда артыкчылыкка ээ болушат.

12-июнда Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейде “Тигүүчү” курсун аяктагандар сынак тапшырып, сынак комиссиясынын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр кирген.

Аталган курс "Кесиптик-техникалык билим берүү жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү" Кыргыз-Герман (GIZ) долбоору тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий