• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 250 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1250 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 81 изилдөө жүргүзүлгөн.

"COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 4 миң 112 адамды түзөт. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 906га жетти. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий