• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан ЕККУга кошулгандыгынын 30 жылдыгын белгиледи

Саясат 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 30-январында Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) кошулгандыгынын 30 жылдыгын белгиледи. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан 30 жыл мурун дал ушул күнү Прагада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешмесинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 2-отурумунда Кыргызстан ЕККУнун алкагында өзүнө милдеттенмелерди алып, дүйнөдөгү эң ири аймактык уюмга толук кандуу мүчө болгон.

ЕККУ менен 30 жыл бою биргелешип кызматташуунун натыйжасында республиканын турмушунун бардык чөйрөлөрүндө реформаларды жүргүзүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен тыгыз кызматташтыкта демократиялык институттарды бекемдөөгө, шайлоо системасын өркүндөтүүгө, аялдардын коомдогу ролун жогорулатууга, коррупцияга, терроризм менен экстремизмдин бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылып келген жана ишке ашырылууда.

Бишкекте Кыргызстандын демилгеси менен түзүлгөн ЕККУнун бүткүл мейкиндигинде уникалдуу жана жалгыз ушундай билим берүү долбоору деп эсептелген ЕККУ Академиясы өз ишин ийгиликтүү улантууда. Бүгүнкү күндөгү курч турган аймактык коопсуздук чакырыктарынын контекстинде, атап айтканда, Афганистанда жүрүп жаткан процесстер комплексинин шартында ЕККУ Академиясынын гуманитардык жана изилдөөчү ролу өзгөчө өсүүдө.

Кыргыз Республикасы ЕККУнун директивдүү органдарынын ишине туруктуу негизде катышат. Жыл сайын ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумдарында Кыргызстандын атынан тышкы иштер ведомствосунун башчысы катышып, Уюмдун күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча чечимдерди түптөөгө катышат. Кыргыз Республикасынын делегациясы ЕККУнун өнүгүү жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы ишенимди бекемдөө тарыхында маанилүү этап болуп калган Хельсинки (1992), Будапешт (1994), Лиссабон (1996), Стамбул (1999) жана Астана (2010) шаарларындагы ЕККУнун саммиттеринин ишине жогорку деңгээлде катышкан.

Ошондой эле ЕККУнун алкагында парламенттер аралык кызматташуунун жогорку деңгээли сакталууда. Кыргызстандын парламентарийлери ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) ишине активдүү катышууда. 2018-жылы Бишкекте биринчи жолу ЕККУ ПАнын 17-күзгү жыйынынын ийгиликтүү өтүшү өлкө үчүн чоң ийгилик болду, ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнөн 150дөн ашык парламентарийлер катышты.

Кыргызстан жана анын жарандары ЕККУнун жер-жерлерде кризистерди жөнгө салуу иш-чараларына өз салымын кошууда. Ондогон кыргызстандыктар ЕККУнун автономдук мекемелеринде жана талаа операцияларында өлкөнүн атынан иштешет. Республика ЕККУнун Украинадагы атайын мониторинг миссиясында өзгөчө кеңири көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасы ЕККУ алкагындагы өнөктөштөрү менен кызматташуунун динамикалуу деңгээлин канааттануу менен белгилөө менен, ЕККУнун бөлүү риторикасы тегиздешилип, ЕККУнун жалпы мейкиндигинде ар тараптуу коопсуздук концепциясы ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан келечекке оптимисттик көз карашта.

Бул контекстте ЕККУга тиешелүү чакырыктарды жана коркунучтарды талкуулоо үчүн диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен, Кыргызстан быйыл Борбордук Азияда мамлекеттеринин ЕККУга кошулгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Борбордук Азия – ЕККУ» жогорку деңгээлдеги жыйынын өткөрүүнү пландаштырууда. Жыйын Кыргызстандын ЕККУга кошулушунун юбилейине карата иш-чаралардын комплексинин борбордук иш-чарасы болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, быйыл ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ЕККУнун Академиясы менен бир катар илимий-академиялык жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүүнү да пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий