• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кореянын эмгек министрлери кызматташуу меморандумуна кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кореянын Ишке орноштуруу жана эмгек министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, меморандумга Кыргызстан менен Кореянын эмгек министрлери Кудайберген Базарбаев менен Ли Чжонг Сиктин жолугушуусунун алкагында кол коюлду.

"Документтин максаты иш менен камсыз кылуу, кесиптик даярдоо жана эмгекти коргоо жаатындагы саясатты иштеп чыгуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, кореялык иштөөгө уруксат берүү системасынын (EPS) алкагындагы кызматташтык жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө.

"Президент Садыр Жапаровдун эмгек мигранттары үчүн коопсуз шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу менен Эмгек министрлиги кыргызстандыктарга ар кандай тармактарда тажрыйба топтоо жана потенциалын жогорулатуу үчүн чет өлкөдөн жумушка орношууга көмөк көрсөтүүдө.

Кыргызстандыктар Кореянын ишканаларында ийгиликтүү иштеп, жалпысынан 5 миңден ашык эмгек келишими түзүлгөн. Көпчүлүгү тамак-аш жана кагаз өнөр жайында эмгектенишет. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр тарабынан турак жай жана тамактануу каржыланат. EPS системасы боюнча өткөн жылы 888 адам, быйылкы жылдын башынан бери 269 адам жумушка орношкон.

Биз EPS системасына жеке компанияларды жана ишкерлерди тартуу жолу менен квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбы", - деди Бишкектеги EPS борборунун директору Ким Юнкинин ишин баса белгилеп.

Жолугушууда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү алкагында жакырчылыкты жеңүү жаатында тажрыйба алмашуу жана калкты иш менен камсыз кылуу тармагындагы кызматтарды санариптештирүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий