• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кувейттин ТИМдери саясий кеңешмелерди өткөрөт

Саясат 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бүгүн КР тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Кувейттин Астана шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Омар Ахмед Аль-Кандарини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Авазбек Атаханов Кыргыз-Кувейт кызматташтыгынын күн тартибинде турган негизги маселелер боюнча пикир алмашып, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду чыңдоо максатында, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге тараптар, саясий диалогду чыңдоо максатында жакынкы мезгилде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий кеңешмелерди өткөрүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгү белгиленип, Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Элчи Омар Ахмед Аль-Кандари, жылуу кабыл алгандыгы үчүн министрдин орун басары Авазбек Атахановго ыраазычылыгын билдирип, ортодогу бир туугандык мамилелерди мындан ары жогорку деңгээлге алып чыгуу үчүн, зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий