• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Малайзиянын халал индустриясы жаатында кызматташуусу талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Аскулов жана Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу иштер боюнча башкы катчысынын орун басары Дато Ахмад Розиан Абд Ганинин катышуусунда эки тараптуу жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга Малайзиянын Түштүк жана Борбордук Азия эки тараптуу мамилелер департаментинин өкүлдөрү, Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси, Кыргызстандын соода боюнча комиссары, Малайзиянын эки тараптуу байланыштар департаментинин өкүлдөрү, Малайзиянын тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясы (MATRADE) жана КР Экономика министрлигине караштуу "Халал индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Анда Кыргызстан менен Малайзиянын халал индустриясы жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Малайзиялык тарап халал товарларды сертификациялоо жана маркировкалоо боюнча тажрыйба алмашуу, халал туризмин өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча келечекти өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий