• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев Баткендеги асыл тукум фермердик чарбанын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Рональдо” асыл тукум чарбасына барды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, фермада Чехиядан алып келинген симменталский монбельярд пародасындагы ири мүйүздүү бодо мал багылат.

Эт-сүт багытындагы фермердик чарба Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүк-Зар айылында жайгашкан.

Чарбаны ачууга фермер Мурзакарим Ботобеков 110 миң доллар инвестиция салган.

Учурда 31 баш ири мүйүздүү бодо мал багылып, күнүнө 600 литр сүт алынууда.

Мындан төрт ай мурда алынып келинген уйлар баары төлдөп,малдын жалпы саны 60ка жетти.

2024-жылдын май айына дагы 30баш мал алып келүү пландалган.

Фермердик чарба алдыда сүттү кайра иштетүүчү ишуана ачуунун үстүндө иш алып барууда.

Чарбада жети киши жумуш орду менен камсыз болгон.

Малды тоют менен камсыздоо үчүн 15 гектар айдоо жери бар.

Ферма менен таанышкан Бакыт Төрөбаев,ишкердин аракетин ар тараптуу колдоо, колго алынарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий