• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын жана ал эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө таасирин тийгизерин белгилешкен.

Абдулла Арипов белгилегендей, эки мамлекеттин элдерин миңдеген жылдык достук жана коңшулаштык алакалар бириктирип турат.

«Өлкөлөрдүн ортосунда ишенимдүү мамилелерге жетишүүгө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын президенттери зор салым кошушту. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өттү, анын өзөгү – биздин мамилелерибизди коңшулаштык жана достук маанайда мындан ары карай өнүктүрүү болуп саналат», – деп кошумчалады Өзбекстандын премьер-министри.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, бардык тарапта өз ара аракеттешүүнүн эки тараптуу байланыштарын тереңдетүүнүн келечек жолдорун белгилешти.

Анын ичинде өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтык, айыл чарба жана энергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий