• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан муфтийи диний окуу жайлардын жетекчилери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев түндүк аймактагы диний окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда окуу программалары, билим берүүнүн сапаты, санариптештирүү тууралуу пикир алмашуу болду. Муну менен катар муфтий ар бир диний окуу жайдын жетекчисин кабыл алып, билим берүү жайларындагы абал менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

«Билим берүү – биздин келечегибиз! Андыктан диний окуу жайлардагы шартты, сапатты жана билим берүүнүн методун жакшырталы. Мугалимдердин билим деңгээлдерин жогорулатып, окуу жайлар бири бири менен тажрыйба алмашууну жолго салуулары керек. Биздин максатыбыз окуу жайларды бирдиктүү системага алып келүү»,-деди муфтий.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов диний окуу жайлардын ортосунда ынтымак, спорттук жана билим берүү жаатында атайын олимпиадалардын өтүшү керек экендигин айтып, бул жаатында атайын мониторинг өткөндүгүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий