• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстанда 12-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 12.04.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 12-апрелде Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Талас облусунда +14...+19, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +8...+13 градус болору күтүлөт.

Ал эми абанын табы Бишкек шаарында +19...+21 радуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий