• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2023-жылы 1,4 миң үй-бүлө мамлекеттик ипотека алды

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров.

Анын айтымына караганда, кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан.

"Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын алкагында берилген. МИК 2024-жылы Кыргызстандын бардык облустарында мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулар үчүн үйлөрдү кура баштайт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий