• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 4-июнга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-майдан 4-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу районунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-майда күндүз жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-июнда күндүз жана 4-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 31-майда жана 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-майда жана 1-4-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-майда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-июнда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-июнда күндүз жана 4-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 31-майда жана 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 31-майда күндүз жана 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-июнда күндүз жана 2-4-июндарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-майда жана 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

31-майда жана 1-2-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-4-июндарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-майда кээ бир райондордо, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-июнда күндүз жана 2-4-июндарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 31-майда жана 1-2-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий