• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда абакта отургандардын кургак учукка каршы жаңы дарыларды алууга мүмкүнчүлүгү жок – Кадыров

Ден соолук 0

Бишкек, 26.03.19 /Кабар/. Кыргызстанда абакта отурган адамдардын кургак учукка каршы жаңы дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк курган учукка каршы күнүнө арналган “Кургак учукту артка калтырууга күн келди” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, кечээ күнү ал кургак учуктан дарылануудан баш тарткан 8 адам отурган №31 абагына барган. “Буга чейин алар адаттагы шарттар боюнча дарыланышкан, бирок жакшы жыйынтык болгон эмес. Абакта отурган адамдарды кургак учукка каршы жаңы дары-дармектер менен дарылап баштоо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги Жазаларды аткаруу улуттук кызматына кат жөнөттү”, - дейт Кадыров.

Андан тышкары Кадыров Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, аталган көйгөйдү чечүүдө колдоо көрсөтүүнү суранган.

Пикир

Оставить комментарий