• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 60 адамдан COVID-19 жаңы табылды, каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 3-октябрга карата коронавирус дагы 60 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 28, Чүй облусунда – 11, Ош шаарында – 2, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 86 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 436 бейтап, амбулатордук түрдө 743 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 740 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 471 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий