• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада жети медкызматкерине коронавирус жуккан

COVID - 19 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 7 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунда – 3, Чүй облусунда – 4 кызматкер илдетке чалдыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7 704 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 5, үй карантинден – 12 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 7 174 медициналык кызматкер айыкты.

Пикир

Оставить комментарий