• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бийик имараттагы өрттү өчүрүүгө эки автоунаа бар. Экөө тең ремонтту талап кылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бийик имараттагы өрттү өчүрүүгө ылайыктуу эки автоунаа бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өлкөгө 58 өрт өчүрүүчү унаа алынган.

“Бирок бүгүнкү күндө бийик имараттагы өрттү өчүрүүгө ылайыктуу эки гана автоунаа бар. Экөө тең ремонтту талап кылат. Учурда Россия менен Кытайдан кошумча өрт өчүрүү автоунааларды алуу алдында турабыз. Россиядан ала турган өрт өчүрүүчү автоунааларына кошумча автошаты же КП 50 деп коет, ошондойдон алганы жатабыз”, - дейт ал.

Шамырканов аталган техникаларды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий