• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир күндө 28 адамдан коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12-июлга карата 28 адамдан коронавирус табылды.

Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, катталган учурлардын ичинен 20сы өздөрү (оорунун белгилери байкалгандыктан) кайрылышкан, алты адамда ПЧР-тесттен аныкталса, экөө сырттан келген адамдар.

Ооруга кабылгандардын экөө ооруканага жаткырылган.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 243 учуру катталган.

Пикир

Оставить комментарий