• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Алсак, Жумгал районунун Байзак айылындагы Жанчаров көчөсүндө Merсedes-Bens үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт өрт коопсуздук талаптары туура сактабагандыктан келип чыккан.

Ноокат районундагы Муркут айылында жалпы аянты 225 чарчы метр үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий