• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 23 миң 820 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 23 миң 820 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 179 адам вакцинанын биринчи дозасын, 16 миң 641 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 630 миң 230 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 339 миң 996 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий