• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түнкү стационарлар түн ичинде 608 жаранга медициналык жардам көрсөттү – мэрия

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы эки түнкү стационар түн ичинде 608 жаранга медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, түндө эки стационар 608 жаранды кабыл алды. Алардын ичинен 246 жаран инфузия терапиясынан өтүштү, 348и медициналык кеңеш алды жана 7 адам ооруканага жаткырылды. Каза болгондор катталган жок. Бирок эртең менен стационарга келе жаткан жолдо эки жаран илдеттен каза болуп калды.

“Стационарлар кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер менен камсыз болгон. Алсак, түнкү стационарларда 51 кычкылтек концентратору иштөөдө жана 5 дарыкана медициналык жардам көрсөтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эки түнкү стационар кечки саат 20:00дөн 08:00гө чейин иштеп жатат. Ал жерлерде дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылардан турган топ жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий