• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 17,7 миң жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3672;
- автоунаанын тиешелүү документи жок – 205;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5486;
- автоээнбаштык – 6;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 646;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 70;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6441;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 14;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 213.

Унаа токтотуучу жайга 1007 автоунаа токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий