• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды

Экономика 0

Бишкек, 12.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, Кыргызстанда бул иш-чара төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

“Биз Дүйнөлүк акча жумалыгына старт бердик, ал 2018-жылдын 18-мартына чейин уланат. Бир жума бою биз комбанктар жана маморгандар менен бирге элдердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрөбүз. Дүйнөлүк акча жумалыгынын максаты – бул калктын, жаштардын жана балдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу”,-деп билдирди ал.

Абдыгулов билдиргендей, дүйнөнүн 100 өлкөсүндө өткөрүлүп жаткан акча жумалыгынын алкагында көптөгөн иш-чаралар өтөт. Алсак, мектептерде ачык сабактар, банктарда ачык эшик күндөрү, бизнес жарманкелери, эссе жазуу ж.б.у.с.

“Былтыр биз Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүп, жакшы жыйынтык алдык. Дээрлик 700гө жакын иш-чара уюштурулуп, ага 25 миң адам катышкан. ЖМКда маалымат жарыялоонун алкагында 1 млн 600 миң адам камтылган”,-деп кошумчалады Толкунбек Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий