• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 12 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 228

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 7-апрель саат 09:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 12 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 228 кишиге жетти.

"Жаңы 12 учур тең Ош облусунда катталды, баары обсервацияга жаткырылды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял", - деп кошумчалады министр.

Коронавирус жуктуруп алган 228 учурдун ичинен Жалал-Абад облусунда – 80, Ош облусунда – 106, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3 жана Чүй облусунда – 30 учур бар.

Пикир

Оставить комментарий