• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 14 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 568

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 20-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 14 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 568 адамга жетти.

"Жаңы катталган учурдун ичинде Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 2, Ош шаарында - 4, Жалал-Абад облусунда - 3 жана Нарын облусунда - 1 адам бар", - дейт министрдин орун басары.

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуккандардын саны 568 адамга жетти.

Алардын ичинен;

  • Жалал-Абад облусу – 105
  • Ош облусу – 147
  • Ош ш. – 87
  • Чүй облусунда – 32
  • Бишкек ш. – 115
  • Баткен облусунда – 6
  • Нарын облусу – 68
  • Ысык-Көл облусунда – 8. Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.

Пикир

Оставить комментарий