• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 300-400 логистикалык борбор куруу керек – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 300-400 логистикалык борбор куруу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс – катчысы Максатбек Ташболотов кабарлады.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө өлкөдө 11 логистикалык борбор (айыл чарба азыктарын сактоочу жайлар) бар. Ал борборлор үрөөндү чогулткандан кийин аны атайылашкан шарттарда сакталуусу үчүн курулган.

“Биз мындай объектилердин санын көбөйткүбүз келет, анткени ал жердеги азыктарды экспортоого болот. Албетте, бул башка өлкөлөрдүн муктаждыгына жараша болот. Жалпысынан бизге 300-400 борбор керек. Мындай борборлор баардык райондордо жана жергиликтүү райондук администрацияларда болуусу зарыл. Ошол менен бирге кайсы райондо, кандай азык өндүрүлөөрүн эске алуу абзел”, - дейт Максатбек Ташболотов.

Эске сала кетсек, орто көлөмдөгү мындай борборду куруу орто эсеп менен 3 млн.долларды түзөт. Борбордун көлөмү кичине болсо баасы да кичине, чоң болсо- чоң болот.

Пикир

Оставить комментарий