• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 35 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1468

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 26-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 35 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 468 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (12) Чүй облусунда (4), Ош облусунда (4) жана Нарын облусунда (8) катталды. Андан тышкары, Соль-Илецк шаарынан келген 3 кыргызстандыктан жана Россиядан келген аскер кызматкерлеринин арасынан 4 жаңы учур катталды. 35 учурдун ичинен жетөө сырттан келгендиги тастыкталды. Ал эми 25 учур байланышта болгондордун арасынан аныкталды. Ошондой эле 3 адам кандай жагдайда вирус жуктуруп алгандыгы тактала элек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий