• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ: Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү айрым кыргыз жарандары оорудан айыккан.

"Чет өлкөдө коронавирусту жуктурган кыргыз жарандарынын саны 23. Бириккен Араб Эмирлигинде үчөө илдетти жуктурган, бирок бирөө айыккан. Пакистанда 7, Индияда 1, Испания 1 жаран, Малайзияда 4 студент, алардын бирөө айыгып, ооруканадан чыгарылган, үчөө да айыкты, жакында ооруканадан чыгарылат", - дейт ал.

Ошондой ал кошумчалагандай, АКШда 8 кыргыз жараны коронавирус илдетин жуктуруп алды деген шек менен үйлөрүндө кармалууда.

Ниязалиев белгилегендей, чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтар мекендештер менен тынымсыз байланышта болууда.

"Казакстанда коронавирус жуктуруп алган кыргыз жарандары 6-апрелде өлкөгө алынып келинген жана обсервацияга жаткырылган. Ошондой эле Кыргызстанга 6-апрелде келген 17 жарандын ичинен 7 адамда коронавирус аныкталды", - деп билдирди Ниязалиев.

9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 34 дарыгер илдетти жуктуруп алган. Коронавирустан 30 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий