• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дем алышта 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда дем алышта 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкектеги Лущихина көчөсүндө "Ниссан сефиро" үлгүсүндөгү жеңил авто унаанын салону күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Сокулук районунун Сокулук айылында турак үйдө жалпы 5 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-көл районунун Кароол-Дөбө айылында укороодо жыйылган 600 даана пресс түк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий