• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда кайсы эл аралык жана ички каттамдар аткарылат (тизме)

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан жана Россияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына ички авиакаттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түркия:

- Бишкек—Стамбул—Бишкек, жумасына 1 жолу «АвиаТраффикКомпани»;

- Стамбул—Бишкек—Стамбул, жумасына 5, «Түрк аба жолдору»;

- Стамбул—Бишкек—Стамбул, жумасына 7 жолу, «Пегасус Эйрлайнс»;

- Анталья—Бишкек—Анталья, жумасына 1 жолу, «Пегасус Эйрлайнс».

Россия:

- Москва—Бишкек—Москва, жумасына 1 жолу, «Аэрофлот»;

- Бишкек—Москва—Бишкек, жумасына 1 жолу, «АвиаТраффикКомпани».

Казакстан:

- Алматы—Бишкек—Алматы, жумасына 2 жолу, «Эйр Астана».

БАЭ:

- Дубай—Бишкек—Дубай, жумасына 3 жолу , «Флай Дубай».

Өзбекстан:

- Ташкент—Бишкек—Ташкент, жумасына 1 жолу, «Узбекистон хаво йуллари».

- Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз каттамдар «AviaTrafficCompany» жана «Tez Jet» авиакомпаниялары тарабынан аткарылууда:

- Бишкек—Ош—Бишкек, «Тез Джет» күнүнө 3 жолу (жумасына 21 каттам).

- Бишкек—Ош—Бишкек, «АвиаТраффикКомпани» күнүнө 1 жолу (жумасына 7 каттам).

- Жалал-Абад—Бишкек—Жалал-Абад, жумасына 1 жолу «Тез Жет».

- Бишкек—Баткен—Бишкек, жумасмына 1 жолу «Тез Жет».

Исфанага ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий