• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда камсыздандыруу келишимдери дээрлик 2 эсеге көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын кирешелери 2020-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,6 эсеге өсүп, 0,9 млрд сомду түздү. "Мында кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 82%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды. Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул мезгил ичинде 1,8 эсеге көбөйүп, 0,7 млрд сомду түздү. Чыгымдардын жалпы суммасынын 43% камсыздандыруу мүчөлүк салымдарын (сыйлыктарды) төлөп берүүгө, кайра камсыздандырууга карата берилген чыгымдарга жана 26%ы - ишти жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга туура келди",-деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 176 млн сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлинде болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 129 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,9 эсеге көп. "Түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 90%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Муну менен бирге, түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 75%дан ашыгы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2021-жылдын 1-июлуна карата өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүп, 607 млрд сомду түздү.

Камсыздандыруу суммасынын олуттуу көбөйүүсү жоопкерчиликти жана мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдеринде белгиленди. "2021-жылдын I жарым жылдыгында камсыздандыруу салымдары 0,8 млрд сомунда келип түштү, бул өткөн жылдын I жарым жылдыгына караганда 2 эсеге көп. Жылдын башынан тарта 4 миңден ашык камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 68%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасында 41%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 32%дан ашыгы - жеке медициналык камсыздандырууга туура келген.

Пикир

Оставить комментарий