• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. “Финико” каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы Интерпол борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча Грузиянын Интерпол улуттук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран 1973-жылы туулган Э.М. (аял киши) кармалды. Ал каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда.

Жаран Э.М. учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15тен ашык филиалын ачкан (ошол кезде аталган мекеменин филиалынын жетекчиси катары жогоруда аталган жаран Э.М. болгон).

Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100 ашык жараны 1,283 миң АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары, жаран Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 154 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Финико” компаниясы 2019-жылы Россиядагы шаарлардын биринде түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30 % жогорку кирешени убадалаган. Россияда ондогон миллион доллар чыгым келтирилген.

"Чоң кирешени убада кылган шектүү компанияларга ишенбеңиздер. Ак эмгегиңиз менен тапкан акчаңызга кам көрүңүз, күмөндүү салымдар үчүн аманаттарды берип, үй-бүлөңүздүн жыргалчылыгын тобокелге салбаңыз", - деп эскертет ИИМ.

Белгилей кетсек, КР Ички иштер министрлиги каржы кылмышын жасаган жарандарды, каржы алдамчылыгы үчүн издөөдө жүргөндөрдү жана соттон качып чет өлкөдө изин жашырып жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча иштери жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий