• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 27-майга карата 7 миң 54 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 835 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий