• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 67 жаштагы аял каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 67 жаштагы бир аял каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айымында, каза болгон аялдын өнөкөт оорулары бар болгон.

"Дарылоо аракеттерине карабастан ал түндө каза болду. Ал бир топ убакыттан бери дарыланып келген экен. Февраль айында фтизиатрия борборунда дарыланып кетиптир. Апрель айынын аягында Жайыл районундагы ооруканада дарыланып, ошол учурда коронавирус жуктурган бейтап менен байланышта болуп калыптыр. Ооруну жугузуп алгандан кийин эски оорулары күчөп, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулган. Ал жактан да абалы жакшырбай, ал каза болду", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ди түзөт. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий