• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Кыргызстанда коронавирустан дагы 71 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 71 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 55, Жалал-Абад облусунан 11, Нарын облусунан 2, Баткен облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 898 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 27 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1243 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий