• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министри коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. СOVID-19 илдетинен сактануу анын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы эмгек жамааты эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Ажикеев белгилегендей, илдетти, эмдөөдөн өтүп жана санитардык нормаларды туура колдонуп, өздүк гигиенаны сактоо менен гана жеңүүгө болот.

“Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адамдар өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Бул илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып кетем”- деди министр.

Эскерте кетсек, COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө министрликтин кызматкерлери тынымсыз иш жүргүзүп, обсервацияларды, күндүзгү, түнкү стационарларды ачып, аларды жабдуулар менен камсыздап, имараттарды, эл көп чогулган жерлерди дезинфекциялоодо жана гуманитардык жардамды кабыл алып, жер-жерлерге жеткирүү иштеринде өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, илдетке каршы турушту.

Пикир

Оставить комментарий